АРАЛ кыштагы Токтогул району

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл аймагына караш­туу. Жалабек тоосунун түндүк этегинде, Бала-Чычкан жана Чоң-Чычкан сууларынын ортосундагы аралда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 5 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети­нен 189 км. 1936-жылы отурукташкан. Калкы 1584 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчы­лыкта (тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо) эмгекте­нет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.