АПОСТЕРИБРИ ЖАНА АПРИБРИ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:39, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПОСТЕРИОРИ ЖАНА АПРИОРИ (лат. аposteriori – кийинкиден, a priori – мурункудан) – апостериори тажрыйбадан чыккан, ап­риори – тажрыйбадан мурунку жана ага көз каранды эмес билим. Апостериори жана Aприорини карама-каршы коюу жаңы мезгилдеги рационализмде ырааттуу туюнтулган, ал тажрыйбалык жол менен алынган кокус акыйкаттан олуттуу айырмаланган эң жалпы жана зарыл акыйкаттан келип чык­кан. Апостериорилик таанып-билүүнүн талдоосу И. Канттын системасында чоң орун ээлеген. И. Канттын философиясында априори коомдук тажрыйбадан чыккан билимге карама-каршы келип, ал тажрыйбага чейин эле пайда болгон деп көрсөтүлөт. Ал туюу, сезүүнүн жардамы менен алынган билимди жалган деп эсептеген.
Г. Т. Ботоканова.