АНОРТИТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНОРТИТ (гр. anorthos – кыйгач, кыйшык) - плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Ca[Al2Si2O8]. Триклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6. салмагы 2,76. Өңү ак, көгүш кызгылт, айнек сымал жалтырак. Таза анортит сейрек кездешет. Скарн менен роговиктерде, кээде метеориттерде жолугат. Анортит – негиздүү магма тоотектерди түзүүчү минералдардын бири.