АНОПРИЕВ Геннадий Федорович

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:32, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНОПРИЕВ Геннадий Федорович (04.01.1947-ж. туулган, Кант шаары) – бокс боюнча спорт чебери (1969). КРдин көп жолку чемпиону. КРдин (1984) жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1990). Бокс менен 1962-жылдан машыга баштаган. 1971-жылы КМДТИни бүткөн. Кант шаарында балдар жана жаштар спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. Бокс боюнча 14 спорт чеберин даярдаган. Эң атактуу шакирти дүйнөнүн профессионалдык бокс боюнча чемпиону О. Назаров болгон.