АНКЕР БЕКИТКИЧ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНКЕР БЕКИТКИЧ, ш т а н г а л ы к – кен казууда тоотек массивине бекитилген темир, темир-бетон, айрым учурда жыгач өзөкчө. Анкер бекиткичинин негизги элементи – узундугу 0,7-3 м келген металл анкер (штанга). Ал бургуланган шпурга киргизилип, шынаа, кергич бөрк жана гайка менен бекитилет. Кен казууда темир-бетон анкери колдонулганда шпурга болот зым арматурасы орнотулуп, ага кум-цемент аралашмасы толтурулуп жасалат. Анкер бекиткичтин жардамы менен тоотектердин бошураак катмары бир кыйла чың катмарга ныкталып жабыштырылганда, ал урабай бекем болуп калат.