Difference between revisions of "Жардам:АДЫР кыштагы"

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
м (Батма moved page Колдонуучу:АДЫР кыштагы to Жардам:АДЫР кыштагы: АДЫР кыштагы)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

09:36, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку версиясы

АДЫР – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Алга айыл аймагына караштуу. Кадамжай – Кан автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагы­нан 33 км түштүк-батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 70 км, Алты‑Арык (Өзбек­стан) темир жол бекетинен 7 км. Деңиз деңгээлинен 720 м бийиктикте. Калкы 1078 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет.