Difference between revisions of "АФОРИЗМ"

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. ajorismoV ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. А-дер түзүлүшү б-ча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да А-дерге кошуп карашат. А. «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу актаӊдай акындардын чыгармала ры А-ге бай.<br>
'''АФОРИЗМ''' (гр. aφopiσμoᔑ ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. Афоризмдер түзүлүшү боюнча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да афоризмдерге кошуп карашат. Афоризм «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу ак таӊдай акындардын чыгармалары афоризмдерге бай.<br>
 
[[Категория:1-Том]]

12:32, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку версиясы

АФОРИЗМ (гр. aφopiσμoᔑ ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. Афоризмдер түзүлүшү боюнча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да афоризмдерге кошуп карашат. Афоризм «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу ак таӊдай акындардын чыгармалары афоризмдерге бай.