Difference between revisions of "АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ"

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ'''– Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык  сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор ж. б. жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.
'''АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ''' – Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык  сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.
[[Категория:1-Том]]

15:54, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку версиясы

АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУК ТАРБИЯ – Ата мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо Аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлары, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор жана башкалар жүргүзүшөт. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат.