АТЫШОВ Боронбай

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТЫШОВ Боронбай (1930, Ош облусу, Ноокат району, Ата-Мерек кыштагы ‒ 07. 04. 1984, ошол эле жерде) ‒ тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1946-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы «Россия» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада тамеки өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1965-жылы 29га жердеги тамекинин ар гектарынан 33,9 ц түшүм алган. 1967‒1971-жылдары Кыргыз

АТЫШОВ 142.png

ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.