АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:55, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, башкача айтканда фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы жана флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мисалы, Кыргызстандын талааларында ак шыбак Ассоциациясында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша Ассоциациянын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.