АСКЕРДИК АНТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК АНТ– Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар

Салтанаттуу ант берүү аземи.


намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет. Аскердик ант КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жаш аскерлер баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде Аскердик ант беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги менен салтанаттуу өткөрүлөт.