АРТЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРТЕРИИТ – артерия кан тамырларынын каптал беттеринин сезгениши. Артерииттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган Артериит жугуштуу оору менен (баш келте, ич келте, сепсис, грипп ж. б.) ооругандан кийин болот. Мында артерия капталынын серпилгичтиги жана булчуң талчалары бузулат, капталында жабышкан тромб пайда болот. Ириңдүү Артериит абдан коркунучтуу, анда артерия капталы чирип, айрылат же аневризмага учурайт. Өнөкөт Артериит туберкулёз, котон жара, аш казандын жарасы ж. б. ооруларга чалдыккандарда байкалат.