АРСТАНБАП

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:07, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРСТАНБАП – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Арстанбап айыл аймагынын борбору. «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте, Арстанбап суусунун боюнда жайгашкан. Paйондун борбору Базар-Коргон шаарынан 53 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 87 км. 1870-жылга чейин отурукташкан. Калкы 15 509 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенет. Эки орто мектеп, ФАП, оорукана, клуб, китепкана жана башкалар бар. Кыштакка жакын балдардын эс алуу жайы, «Арстанбап» туристтик базасы, «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.