АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ– аркак жиби түрүлгөн чыгырыкты бош чыгырык менен өзү алмаштыруучу машине. Анда түрмөктөн чыккан жип кергич жабдыктан, чыгырыктан, жип үзүлгөндө чыгырыкты токтотуучу жабдыктын көзүнөн, жылдыргычтын илмегинен өтүп, чыгырыкка түрүлөт. Чыгырык бекиткич кыскычтардын бирөө жетелөөчү, экинчиси жетеленме болот. Чыгырыкка жип түрүлүп бүткөндө, же­телөөчү кыскыч токтоп, жетеленме кыскыч чы­гырыкты кыспай бошотуп, чыгырык ящикке түшөт. Анын ордуна жаңы чыгырык автоматтык түрдө берилип, аркак түрүлө берет. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн аркак түргүч машинага караганда 3--4 эсе жогорулатат.