АРАНХУЭС

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАНХУЭС (Aranjuez) – Испаниядагы шаар. Мадридден 47 км түштүктө, Тахо дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Аранхуэс шаары. Король сарайы.

Калкы 55,1 миң (2010). Байыркы Рим мезгилинен белгилүү. 1387–1409-жылдары Сан­тьяго орденинин Улуу магистринин резиденция­сы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим императорлорунун мрамор бюсттарынын бай коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар (1765–1780) бар. Аранхуэстин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы иштейт.