АРАЛБАЕВ Абдылда

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАЛБАЕВ Абдылда (1891, Нарын аймагы, Куланак айылы – 1968, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Куланак айылы) – педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1941). Токмоктогу мугалимдердин даярдоо курсун бүтүргөн (1918). 1918–1955-жылдары Куланак орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берген. А. Аралбаев кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн «Эне тили» окуу китебине авторлош. Эл агартуу ишине сиңирген эмгеги үчүн эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.