АНТРОПОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:57, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОХОРИЯ (антропо... жана гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. Антропохория жолу менен таралуучулар а н т р о п о х о р л о р деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) жана айыл чарба техникалары менен жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), ошондой эле себүү учурунда үрөн менен (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. Антропохорияга, ошондой эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, аларга эгилме өсүмдүктөр да кирет.