АНДЫГЕН

Кыргыз Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:35, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДЫГЕН – Баткен районундагы суу, Исфара суусунун сол куймасы. Узундугу 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,08 м³/сек. Жээгинде Говсувар кыштагы жайгашкан.